Чүй облусунун тургуну 13 килограмм баңгизат менен колго түштү. Бул тууралуу 27-августта Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 24-августта ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн иш-чарада Чүй айылынан Токмок шаарынын 29 жаштагы тургуну колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.