7-Апрель окуясы боюнча кезектеги соттук отурум башталды
Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарында 7-Апрель
окуясы боюнча кезектеги соттук отурум башталды. Сот ишине төрагалык кылуучу
судья Дамир Оңолбеков окуянын кесепетинен октон жаракат алып, каза болгондор
тууралуу маалымат берүүдө. Маркумдар
кандай жаракат алгандыгын соттук-медициналык экспертиза аныктаган. Экспертиза 2010-жылы 8-апрелде,
саат 17:10до башталганын айтты судья.