Адамдар бири-бирине жардам беришүүдө. Бүгүн, 19-мартта бишкектиктерге 15 миң бет кап ыктыярчылар тарабынан таратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурмандар билдирди.
Маалыматка ылайык, акцияны Santo фармацептикалык компаниясы уюштурган.
"Кыргызстанда жок дегенде бир жолу болгон чет элдик жарандар кыргыз элинин ак көңүл жана меймандостугуна баа берип келишет. Кимдир бирөө финансылык жактан болобу же жөн гана жылуу сөзгө муктаж болобу ар дайым жардамга кол сунаарыбыз эч кимге сыр эмес. Бул биз үчүн табигый эле көрүнүш", - деп билдиришет компаниядан.
Мындан улам бүгүн, Santo компаниясы акысыз бет кап таратууну чечти. Бул баарына жеткиликтүү жана ачык айкын белги деп ойлойбуз. Биз бирге баарын чогуу чечебиз. Адамдар адамдарга жардам беришүүдө деген башкача болуп жатабы деп билдиришет компаниянын өкүлдөрү.
Santo компаниясы коомчулукка болуп жаткан маанилүү күндөрү өз жоопкерчилигин сезип, калкка жардам берүүгө өз ресурстарын багыттайт.
Компания дагы бир жолу коронавирустан сактануу жана коргонуу жолдорун эскертет. Өтүнүч сунуштамаларды сактагыла.
1. Колуңарды таза кармагыла. Бат-баттан самындап жууп, дезинфекцияланган каражаттарды колдонгула. Тамак алдында сөзсүз колуңарды жуугула.
2.Колдон келишинче оозуңарды, мурдуңарды көзүңөрдү колуңар менен кармабагыла.
3.Жумушта үзгүлтүксүз компьютердин клавиатурасын, телефондун экранын, пульту жана жалпы колдонулуучу уюштуруучу техникалардын панелин тазалап тургула.
4.Жаныңарга дайыма утурумдук кагаз салфетка сала жүргүлө. Чүчкүрсөңөр же жөтөлсөңөр оозуңарды жана мурдуңарды кагаз майлык менен жапкыла.
5.Антисептикалык каражаттар дайыма жаныңарда болсун. Кандай гана жерде болбогула колуңарды тазалоого керектелет.
6.Бөлмөнү бат-баттан желдеткиле.
7. Балдарыңарга коронавируска карата профилактикалык иштер жөнүндө түшүндүргүлө.