"Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов: "Өкмөт антикризистик программа кабыл алуусу зарыл"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу.

- Азыркы учурда биздин мамлекет оор учурду башынан кечирүүдө. Пандемияга байланыштуу биздин жарандар зор чыгымга учурап жатат. Чакан жана орто бизнес банкрот чегинде турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму учурдагы кеңири таралган COVID-19 илдетин пандемия деп жарыялады.

Бардык мамлекеттердин өкмөттөрү ата мекендик экономиканы сактап калуунун чукул чараларын көрүүдө. Гонконг 7 миллион калкына 1300 доллардан бөлүп берди. Францияда коммуналдык кызмат акыларын жана турак жай ижарасын төлөтүүнү токтотту. Бийлик пенсиялык реформанын ишин токтото турууну жана муниципалдык шайлоолорду кийинкиге жылдырууну чечти. Өкмөт бизнестин иштеп кетиши үчүн $330 миллиард акча түрүндө насыялык кепилдик бөлдү.

Италия, Хорватия, Чехия жарандарга жана бизнеске кредиттер менен ипотеканы убактылуу төлөбөй туруу укугун берди.

Улуу Британия экономикага стимул берүү үчүн $39 миллиард бөлдү.

АКШ бийликтери $1 триллион көлөмүндөгү чаралар топтомун иштеп чыгышты.

Япония банкы вирустун таралышынан жапа чеккен фирмалардын ишине стимул берүү үчүн финансылык уюмдарга нөлдүк пайыз чениндеги насыяларды бере баштайт.

Эпидемия чыккан жана оору жугузгандар көп болгон Кытайда коронавируска каршы $22 миллиард айланасындагы акча каражаттары багытталды.

Жалпысынан өкмөттүк чаралар $1,4 триллион акчаны же болбосо өлкөнүн ИДӨ 1% түзөт.

Монголиянын министрлер кабинети керектөөчүлүк жана коммерциялык насыяларды жана алардын пайыздарын төгүүнү 90 күнгө жылдырды.

Орусия антикризистик чараларга жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн 300 миллиард рубль бөлөт.

Кыргызстанда ата мекендик компаниялар мурда болбогондой жоготууга учурап жатат, кызмат көрсөтүү тармагы кардарларын жоготууда, соода-сатык жабылуу чегинде турат. Кирешеси жок жарандар ижара акыларын жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албай жатышат. Улуттук валютанын куну түштү жана андан ары төмөндөө тенденциясы сакталууда, бул терс мультипликативдик эффектиге жана инфляцияга алып келиши болжолдонууда.

Өкмөткө экономиканы сактап калуу боюнча чукул антикризистик программа кабыл алуу зарыл, анткени фрагментардык аракеттер эффективдүү жыйынтык алып келбейт.

Бизде бюджеттин киреше бөлүгүнүн 70% ашыгын салыктык чегерүүлөрдөн түшкөн каражаттар түзөт. Андыктан бүгүнкү күнү ишкерлер ыкчам жана чукул түрдө колдоого алынбаса, эртең эч ким салык төлөй албай калат.

Биз өкмөткө төмөндөгү кадамдарды карап көрүүнү сунуштайбыз:

1. Мамлекет боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо. Демек учурдагы абалды форс-мажордук кырдаал катары таануу. Бул ата мекендик компанияларды терс кесепеттерден жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн доосунан сактоого жардам берет;

2. Бардык насыялар менен пайыздарын төлөөнү ӨК күчүн жоготконго чейин эч кандай кошумча шарттарсыз токтотуу (сунуштоо эмес);

3. Жабылган мекемелердин ижара акысын төлөтүүнү токтото туруу;

4. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын жана тарифин тез арада карап чыгуу жана жеңилдетүү;

5. Пандемияга каршы медициналык бет кап тиккен, зыянсыздандыруучу жана башка каражаттарды даярдаган өндүрүштү салыктан бошотуу; Чараларды кабыл алууну кечиктирүүдөн улам экономиканы калыбына келтирүүгө кийин эч кандай каражат жардам бере албайт. Эгерде өкмөт ата мекендик экономиканы сактап калуу боюнча ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрбөсө, эртең өлкөнү банкроттор толкуну каптайт, жумушсуздук массалык түрдө өсөт, бюджет пенсияны жана жөлөк пулду төлөө кыйла оорлойт жана экономиканын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар кыска мөөнөттө кечиктирилгис жана системдик чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

Урматтоо менен «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан