Кечээ, 19-мартта ырчы Дайыр Исмадияров Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарындагы аэропортто 30дан ашуун Кыргыз жаранын казак авиакомпаниясы коронавирус кырдаалына байланыштуу учакка киргизбей жатканын кабарлаган. Азыркыга чейин мекенине кайтып келе албай жаткан ырчыга байланыштык.
"Кечээ биздин каттамдан 40, кийинки каттамдан 80 адамды учакка киргизбей коюшкандан кийин ар бирибиздин туристтик компанияларыбыз өздөрүнүн мейманканаларына алып кетишти. Кээ бирине түнөк акысын өзүңөрдүн эсебиңерден төлөйсүңөр деди. Азыр ошол мейманканадабыз. Бизди ойлогон эч ким жок. Кыргыз элчилиги бизден азыркыга чейин кабар ала элек.
Элчилик Казакстан менен бир чечимге келе албай жатыптыр. Эртең дагы учуп кете турган мекендештерибиз бар экен. Бирок алар да биздей эле кете албай калышат. Мага "бизди да ала кет" деп 20 чакты адам жазып жатат. Ошондуктан кыргыздарды бир учак менен кетирүүнү суранып ТИМге кайрылдым. Азырынча жооп берише элек", - деди ырчы.