Өлкө боюнча билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчёттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер үй шартында дистанциялык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн 8-апрелге чейин коё берилди", - деп айтылат маалыматта.
- Кыргыз өлкөсүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин үйлөрүнө жөнөтүлдү.
- Билим берүү мекемелеринде ЖРТга (Жалпы республикалык тестирлөө) каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.