Кытайда пилдер шарапка мас болуп, уктап калышкан

Кытайдын Юньнань провинциясындагы айылдардын биринде пилдер кокусунан шарап ичип, мас болуп калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, пилдер азык издеп, айылдагы үйлөрдүн биринин короосуна киришкен. Кызыгы, азыктын ордуна жүгөрү шарабын таап, аны ичкен соң мас болуп уктап калышкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, азык издеп жатып пилдер бир канча короо жайга зыян алып келишкен. Маалыматта жалпы 14 пил мас болгону айтылат. Учурда социалдык тармактарда шарапка мас болуп, уктап калган пилдердин сүрөтү колдонуучулар тарабынан кызыгуу менен көрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-03-20 15:32:29
Ойгонуп алып баш жазганы издебесе болду
+4
Aikaaaa
2020-03-20 19:14:36
Акыркы сүрөт сонун экен, симметрично жатып алышкан го)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан