Баңгизат менен кармалган ИИМдин кызматкери УКМКнын СИЗОсунда асынып өлдү. Комитеттин маалыматына ылайык, 23-август күнү эртең менен текшерүү учурунда СИЗОнун көзөмөлдөөчүсү ИИМдин кызматкери С.Айдарбековдун жансыз денесин тапкан. Ал өзүнүн жанын өзү кыйып жаткан учурда уктап жаткан дагы бир ИИМ кызматкери аны менен бир камерада болгон. Милиция кызматкери УКМКнын кызматкерлери тарабынан ушул жылдын апрель айында 16 килограмм героинди сатуу учурунда колго түшкөн. 27-апрель күнү Свердлов райондук сотунун токтому менен ага карата УКМКнын СИЗОсунда камоо түрүндө чектөө чарасы кабыл алынган. Айдарбеков убактылуу камоочу жайда камалып жаткан маалда анын психикалык жактан жабыркагандыгы, эмоционалдык жактан туруксуз болуп, бир нерсеге бат ачуулана бергени байкалган. Буга байланыштуу убактылуу камоочу жайдын жетекчилиги Айдарбеков менен алдын алуучу баарлашуу жүргүзүшкөн. 31-июлда ал Республикалык психикалык ден соолук борборунан текшерүүдөн өтүп, ага “инсандык органикалык жактан бузулган” деген диагноз коюлуптур. Учурда катталган факт боюнча Башкы прокуратура, ИИМ тарабынан кызматтык иликтөө дайындалып, зарыл болгон процедуралык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.