Бүгүн, 21-март күнү Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин катышуусунда жыйын өттү. Анда авиакаттамдардын чектөөсү тууралуу маалымат берилди.
"Түркиядагы Кыргыз жарандарынын билети болсо да Кыргыз өлкөсүнө уча албай калганы тууралуу маалыматыбыз бар. Бул тууралуу түрк компанияларына сунуш бердик, бирок жооп ала элекпиз. Андыктан өзүбүз "Авиатрафик" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул маселе да бүгүн-эртең чечилет", - деди Курманбек Акышев.