Бүгүн, 21-март күнү билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров карантинден кийин ЖОЖдордун студенттеринин, мектеп окуучуларынын окуу процесси кандай болору тууралуу онлайн жыйын өткөрүүдө.
"8-апрелден кийин мектепте 4-чейректи дистанциялык режимде уланта беребиз. Окуу процессинин убактысы узарбайт. Мониторинг кылганда коронавируска байланыштуу кызматта жүргөндөр, өзгөчө дарыгерлер балдарын кайсы жакка алып барышат деген суроо болгон. Ведомствого тиешелүү Бишкекте 13 бала бакча бар экен. Ошто да мындай бала бакча бар. Андыктан министрлик бул маселени чечүү аракетин көрүп жатат", - деди Өмүров.