Бишкектин Ленин райондук соту 1,5 жаштагы жээнин зордуктаган кылмышкерди 15 жылга эркинен ажыратты. 21 жаштагы Игорь жаш баланы зордуктоо беренеси боюнча айыптуу деп табылды. Чечимди сот 22-августта чыгарды. Сот отурумунда прокурор айыпталуучунун кылмышка катыштыгы бар экендигин күбөлөндүргөн бардык далилдерди көрсөттү. Маалыматка ылайык, кылмышкердин футболкасынан жабырлануучу 1,5 жаштагы кыздын канынын издери табылып, аныкталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза жаш балага карата зордуктоо болгонун ырастады. Бирок айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай, ал учурда мас болгондугун айтып, эч нерсе эсинде жок экендигин билдирип келген.