Финляндия үчүнчү ирет дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталды

Финляндия кайрадан дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Финляндияда калктын бактылуулук индекси 2015-жылдан бери жогорку рейтингди камсыздап келет. Бактылуу өлкөлөрдүн үчтүгүнөн Дания жана Швейцария орун алган. Ал эми ТОП-10го Исландия, Норвегия, Нидерланды, Швеция, Жаңы Зеландия, Австрия жана Люксембург кирген.

Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү аныктоодо калктын социалдык, экономикалык абалы, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы, калктын жумуш менен канча пайызы камсыздалгандыгы, өмүрдүн узактыгы, кылмыштуулуктун аздыгы боюнча бааланат. Аталган өлкөдө саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономикалык туруктуулук, жарандардын укугу жогорку деңгээлде көзөмөлдөнүп турат. Дал ушул критерийлерге Финляндия толук кандуу жооп берип, үчүнчү ирет дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rysik79
2020-03-21 22:17:56
Жалан сакалчандар окшойт Финляндия.
-5
portugalia
2020-03-21 22:38:06
Кыргызстан да ушулардын катарына кирип калсын жакынкы жылдарда
+10
zhaku2017
2020-03-21 22:52:50
portugalia,
Кыргызстан алдыны эмес, арты карап жашап калдык. Ошол учун жакынкы арада алдыга эмес, артка кетебиз. Озгочо молдолор арабтардын 7 кылымдагы жашоосуна кайтып баралык дегендей кылып жатышат.
-8
Omush94
2020-03-21 23:01:10
zhaku2017, төрөлгөндө өлгөндө молдого муктаж болосуң ата-бабандан бер келе жаткан нерсе
+9
Mister-X
2020-03-21 23:46:34
zhaku2017,Молдолор илим алгыла,билим алгыла деп эле жатат.Тескерисинче сага окшогон тенирчилер отко,сууга сыйына турган заманга угут жасап жатасынар.Дуйнодогу баардык элдер дин менен илимди айкалыштырып жашашат.Сен кайдан чыккан макоосун?
+5
Akoga
2020-03-23 00:40:03
Mister-X, өзүң отуң жок болсо кышында, тамагың бышпай жатса, аба жетпей жатып думуксаң, ичерге сууң жок болсо көрөт элем сенин сыйынбаганыңды ХХХХ.
0
Omar.
2020-03-22 02:31:40
zhaku2017, сага окшогондордун айынан аркага кетип жатабыз
-2
Krai
2020-03-22 14:35:51
zhaku2017, атаңдын көрү бизде деле көп окшойт ушундай дин бузаар эл бузар адамдар
-1
sirenaaaaa
2020-03-21 23:01:28
Финляндияда жумушу жок адам мамлекетке билдирсе, бекер тамак аш, анан керектерине деп акча каражаты болунуп турат экен. Жаны туулган баланы 1жашка чейинки керектоосун мамлекет камсыз кылат экен. Балдар канчалык коп сабактан калбаса, ага да акы толошот экен. Анан ушулар бактылуу болбой ким бактылуу
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан