26-августта КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Казакстандын Чек ара кызматынын делегацияларынын жолугушуусу болду. Анда мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов жана Казакстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Нурлан Жуламанов эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкууга алышты. Кыргыз жана казак делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын биргелешип кайтаруу жана маалымат менен алмашып туруу каралган протоколго кол коюшту.