Бириккен Араб Эмирликтеринде абанын температурасы кескин төмөндөп, күн күркүрөп, нөшөрлөп жамгыр төгүүдө. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн метеорологиялык кызматы жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Анда айтылгандай, Бириккен Араб Эмирликтеринде абанын температурасы кескин түрдө төмөндөп, нөшөрлөп жааган жамгыр чагылган менен коштолууда. Ири шаарлардын бири болгон Абу-Дабиде бүгүн, 21-мартта таңга жуук абанын температурасы рекорддук түрдө төмөндөп кетип, 12,9 градус жылуу болду. Мындай төмөн аба ырайы өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу катталды.