АКШнын Миссури штатынын Спрингфилд шаарында даарат кагазына келген аял супермаркеттен көз жарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кош бойлуу аял ай күнүнө жетип калганда, супермаркетке даарат кагазын алганы келген. Бирок маркеттин ичинде даарат кагазын алган кардарлар өтө эле көп болгон. Ал кезекте турган убакта толгоосу башталып, анын төрөтүн маркеттин медицина кызматкери менен өрт өчүрүүчү кызматкерлер кабыл алышкан.
45 мүнөттөн кийин "Тез жардам" кызматы келип, көз жарган аялды алып кетишкен. Ал эми супермаркеттин кызматкерлери эртеси күнү аялга телефон чалып байланышканда, баласы экөөнүн абалы жакшы экенин айткан.