Бүт Кыргызстан боюнча SIM-карталарды жеткирүү жана балансты үйдөн толуктоо башталды

Үйдө пижамачан отуруп дүйнөнү сактоо учуру келди деген сөз – анекдот эмес, турмуш чындыгы болуп калды.

Дал азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык сунуштарына өзгөчө маани берүү керек жана анын – “үйдө отуруу” деген эң башкы кеңешин милдеттүү түрдө аткаруу керек.

Дал азыр мобилдик байланыштын жана бири-бири менен кабарлашуунун маанисин баалай турган мезгил. О! Мобилдик операторунун командасы кыска мөөнөттүн ичинде өз жумушчу процесстерин кайрадан уюштуруп чыкты жана бүгүнкү күндөн тартып бүт өлкө боюнча SIM-картаны үйгө жеткирүү жана үйдөн балансты толуктоо үчүн атайын мобилдик бригадалар иштей баштагандыгы тууралуу кабарлайт. Компаниянын техникалык адистери үзгүлтүксүз байланышты жана толук көлөмдөгү мобилдик интернетти көрсөтүүнү камсыздоо боюнча мурункудай режимде эле иштөөнү улантышууда.

О! консультанттарын чакырууга тапшырык кылуу үчүн 705 кыска номерине же 0705 007 000 номерине чалыңыз.

О! кызматкерлери сизге өздөрү келишет (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз). Сиздин бейпилдигиңиз, ошондой эле вирустардан жана КРВИден коргоо үчүн алар бет каптар жана антисептиктер менен камсыздалган.

Эмне тапшырык кылса болот? Сиз жаңы SIM-карталарды жана балансты толуктоону тапшырык кылсаңыздар болот. О! мобилдик бригадаларынын кызматкерлери номерди каттап, ылайыктуу тарифти тандап беришет. Керек болгон учурда, консультанттар «Мой О!» мобилдик тиркемесин орнотуп берүүгө жардам беришет, анын жардамы менен сиз номериңизди өз алдынча башкарып жана «О!Деньги» капчыгы менен пайдалана аласыздар. Үйдөн чыкпай туруп азык-түлүктөрдүн жана 450дөн ашуун кызматтар менен сервистердин жеткирүүсүн төлөсө болот.

Канча турат? Балансты 250 сом жана андан көп суммага толуктаган учурда адистин келиши акысыз, башка учурларда курьерди чакыруунун баасы 50 сомду түзөт.

Жеткирүүнүн мөөнөтү? Сиз бүт өлкө боюнча облустук борборлордо жана ири шаарларда тапшырыгыңызды бир күн ичинде ала аласыз. Айылдагы жеткирүү мөөнөтү калктуу пункттун алыстыгынын деңгээлине жараша болот.

Көңүл бургула! Дагы бир жолу сиздерди расмий билдирүүлөргө гана ишенүүгө чакырабыз. Бардык кызыктырган маселелерди ТЫНЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ телефондору боюнча тактап алсаңыздар болот, О! абоненттери үчүн чалуулар акысыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан