23-август күнү Бишкек-Ысык-Ата унаа жолунун 10-чакырымына төгүлгөн 10 тонна мазутту тазалоо иштери жыйынтыкталды. Учурда анын бюджетке канча зыян келтиргендиги такталууда. Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Чүй, Токмок, Кемин, Ысык-Ата аймактары боюнча башкармалыгынын башчысы Мелис Абиевдин айтымында, 1000 чарчы метр аянтка 400 метр куб мазут төгүлгөн. “Төгүлгөн мазут айлана-тегеректеги бак-дарактарга зыянын тийгизет. Бирок алыс жерге чейин кетпейт. Жабыр тарткандар жок”,- деди ал. Айтымында, жол каттамы мазут төгүлгөн учурда гана 15-20 мүнөткө жабылган. Андан соң жол кыймылы кадимкидей жүрүп жатат.