Бишкекте "уюлдук телефон тоноп жүргөн" деген шек менен 2 жигит кармалды

Бишкек шаардык ИИБи тарабынан 1992-жылы туулган Ж.Жанат жана 1995-жылы туулган Б.Тимур аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Аталган жарандар каракчылык фактысы боюнча айыпталууда. 23-ноябрда 18-20 жаш курактагы белгисиз 2 жигит саат 21:30 чамасында "Ош базарынын" жанынан 16 жашар өспүрүм кызды бычак менен коркутуп уюлдук телефонун жана өздүк буюмдарын тартып алышкан. Көп өтпөй саат 22:00дө Бейшеналиева-Киев көчөсүнөн дагы бир 16 жашар өспүрүмдү 2 жигит күч колдонуу менен коркутуп уюлдук телефонун жана кышкы бут кийимин тартып алышкандыгы тууралуу маалымат түшөт. Ушул эле түнү "Сейтек" базарынан өспүрүмдү белгисиз бирөөлөр коркутуп уюлдук телефонун алып кеткендиги белгилүү болот. Аталган фактылардын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүрүп, аталган 2 жигит колго түштү. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан