Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү.
Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламент мурунку режимде эле жумушун уланта бере турганын айтты. "Биз каникулга же эмгек өргүүсүнө кетпейбиз. Мыйзамда жазылгандай, өзгөчө абал киргизилгенде парламент ишин уланта берет. Биз акимдер менен иштешип, аларга жардам беребиз. Жардам берип жаткан депутаттарга рахмат. Эгерде зарылчылык болсо, биз жыйынга чогула беребиз", - дейт Жумабеков.