Бүгүн, 27-августта Бишкектин "Тез жардам" кызматына Панфилов көчөсүндө токмоктолгон бир аялдын жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, аял ооруканага жеткирилди. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактай алышпады, аял эсине келе албаган бойдон көз жумду. Анын өздүгү учурда тактала элек.