"Tesla" жана "Space X" компаниясынын лидери Илон Маск 1255 жасалма дем алдыруу аппаратын Калифорнияга бермекчи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Илон Маск өзүнүн Твиттер баракчасына "Эгерде штаттан кимдир бирөө бекер дем алдыруу аппаратына муктаж болсо, мага жазып койсун" деген билдирүү калтырган. Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсон Масктын бул кайрымдуулугун эрдик катары санаган.