Таластын Манас районуна караштуу Покровка айылындагы помидорду кайра иштетүүчү завод ишке берилүү алдында турат. Муну 27-августта заводдун директору Сейит Маматаев билдирди. Сентябрда ишке кирише турган завод суткасына 200 тонна помидорду кайра иштетет. Кошумчалай кетсек, аталган завод өндүргөн продукцияны Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы “Балтимор” компаниясы сатып алмакчы.