Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгын белгилөөгө карата шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-августта “Ататүрк”, “Панфилов”, “Кара жыгач”, “Фучик” сейил бактарында майрамдык концерттер, улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлөт. Баш калаанын музейлеринде, китепканаларында “Кыргызстан кечээ, бүгүн, эртең” жана “Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында” аттуу сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулат. Майрам күнү "Ала-Тоо" борбордук аянтында жана Курманжан датканын эстелигинин жанында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң программадагы концерт болуп, шаардын эски аянтында спортчулардын, акробаттардын, гимнасттардын чеберчилиги көрсөтүлөт. Салтка айланып калгандай, майрамдык иш-чаралар саат 21:00дө "Ала-Тоо" аянтында салют атуу менен аяктайт.