Кытайда хантавирустан 1 адам көз жумду. Хантавирус тууралуу эмне билесиз?

Коронавирустан эми гана арылып келе жаткан Кытайда хантавирустан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу "Global Times" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, хантавирус жуктуруп алган адам автобус менен жумушка бараткан учурда жан берген. Тиешелүү кызматтар автобуста болгон бардык жүргүнчүлөрдү текшерүүгө алышкан.

Хантавирус деген эмне?

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун билдирүүсүнө ылайык, хантавирус - бул келемиштер алып жүрүүчү жана таратуучу вирус. Аталган вирустун айынан адамдар ар кандай ооруга чалдыгышы мүмкүн. Хантавирусту жуктуруп алган адамдын алы кетип, булчуң эттери ооруйт. Ал коронавирустай эле өпкөнүн оорушуна да алып келет.

Аталган вирус көп учурда аны алып жүргөн келемиштерден жугат. Адамдан адамга жуккан учуру дээрлик кездешпейт. Хантавирус алгачкы жолу 1993-жылы Түндүк Америкада катталган. Аталган вирус көп изилденген эмес, ага каршы вакцина жок.

Вирусологдордун айтымында аталган вирус эч кандай эпидемиологиялык коркунуч жаратпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
AksyKum
2020-03-25 12:25:39
Уф ал койгойдон бул койгойбу эми
+9
Scorpion_09
2020-03-25 12:26:40
Ушул эле вирус жетишпей жатты эле ,кытайлар Бир балее болду го
+14
aliya-leyla
2020-03-25 12:29:01
Тооба кылдым
+8
Birimdik5555
2020-03-25 12:32:05
Тооба кылдым,адал менен арамды ылгап жеген да жакшы
+14
MOTOP
2020-03-25 12:33:39
Олгондун устуно комгон болуптур да, жакшы адамга жукпайт экен
+6
aerforce
2020-03-25 12:34:28
Ошол эле калды эле
+4
Usow
2020-03-25 12:45:55
Хырылдап оло албай жатса устуно таш ыргыткын сыяктуу болуптурго кудай озу сактасын
+2
Alixan-Nookat.2015
2020-03-25 12:50:06
Хантавирус менен ооруган келемиш жесе керекда, тооба кылдым.
+3
Dembele84
2020-03-25 12:51:57
Ко3го корунгонду jeп jaтышып ушулар тойго3ду,
+7
Milduri
2020-03-25 14:02:43
Кытайлар келемиштерди эт жегендей эле жешет экен, жеп атканда жукканго
0
Anarik87
2020-03-25 20:17:04
Эми ушунусу калды эле, жараткан Алла оорулууга шыпа бер, журогубузго ыйман бер,жер жузуно тынчылык бере кор, жаман оорудан сактай кор Алла
+2
MAN-CITY
2020-03-26 00:33:19
Бул хантавирустан Россияда коп еле ооругандар кездешет особенно Приволжский округта. Хантавирус анчалык коркунучтуу эмес, бул вирус почканы иштен чыгарат деп айтышат эгер убагында дарыланбаса. Айыккандардын саны деле коп.
0
admin_portal
2020-03-26 13:25:27
allia, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган. БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан