Аламүдүн районунда Сибирь жарасы менен ооруп бир жаран ооруканага жаткырылды

Аламүдүн районунун Кырман жаңы конушунда Сибирь жарасы катталып, бир жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Улукбек Упенов бизге билдирди. Айтымында, 19-августта Нарын облусунан Сибирь жарасы менен ооруган киши ооруканага жаткандыгы, ал Бишкектен келгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча атайын топ түзүлүп, Сибирь жарасынын очогун табуу аракети көрүлгөн. Натыйжада 8-августта Бишкекке жакын жайгашкан аталган конуштун жашоочуларынын биринин торпогу өлүп калгандыгы, анын ээси аялынын айтканына карабай малды сойгону белгилүү болгон. 

Өлгөн торпоктун ээси түшүнүк катка 3 ири мүйүздүү малына жана 6 майда жандыгына сибирь жарасына каршы дары сайылгандыгын жана өлгөн торпоктун этин эч ким колдонбогонун жазган. Бирок мал ээсинин үйүндөгү муздаткычтан 40 килограмм эт табылган. Алынган этти текшергенде Сибирь жарасын козгоочулар бар болуп чыккан. 

Учурда Аламүдүн райондук администрациясы тарабынан карантин жарыяланып, мал өлгөн жана союлган жерлер дезинфекцияланган. Ошондой эле ал жакта жашагандардын 56 майда жандыктарына, 20 ири мүйүздүү малына жана 2 атына атайын дарылар сайылган. Учурда торпоктун калган эти кайда экендиги такталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан