Депутат Айнуру Алтыбаева акыйкатчылыкка ат салышпайт

Депутат Айнуру Алтыбаева акыйкатчылыкка ат салышпайт. Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди. Айтымында, талапкерликти карабоо тууралуу арызды тиешелүү комитетке жолдогон. “Акыйкатчылыкка талапкерлигимди Кыргызстандагы аялдардын кыймылдары көрсөтүшкөн. Аларга ыраазычылыгымды билдирем. Бирок учурда абдан маанилүү мыйзам долбоорлорунун үстүнөн иштеп жаткандыктан акыйкатчылык кызматка талапкерлигимди коюудан баш тартууга туура келди. Бул маселе боюнча тиешелүү комитеттерге расмий түрдө кат жолдогом. Эми алар жыйын учурунда менин талапкерлигимди карашпайт”,- деди Алтыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан