Кара тумоо кандай оору?

Ысык-Көл облусунун аймагында кара тумоо (чума) оорусу катталып, андан бир адамдын өлүшү учурда көпчүлүктү кооптонтуп турган учур. Бул оору тууралуу кенен маалымат төмөндө:

 

Кара тумоо - жугуштуу дарт. Оору жуктурган адамдын абалы оорлошуп, лимфа түйүнү жана башка органдар сезгенет. Жаратылышта кара тумоону алып жүрүүчүлөр суур, сары чычкан, кум чычкан, сокур чычкан, келемиш жана талаа коёндору, үй жаныбарларынан тоок, мышык болуп саналат. Кара тумоо бүргө аркылуу да жугат. Кара тумоонун вирусу ириңде, канда, какырыкта, сыйрылган териде сакталат. Кишиге оору кара тумоо менен ылаңдаган жаныбарлардан (терисин сыйрыганда, этин бузганда жана башка учурда) жугат. Өпкөдөн кармаган кара тумоо оорунун булагы катары абдан коркунучтуу. Себеби дарт аба аркылуу жугат жана өтө тез тарайт. 

 

Оорунун алгачкы белгилери 3-5 күндөн кийин билинет. Кара тумоо капысынан катуу кармап, адамдын дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт. Башы айланып, кусат, уйкусу качат. Оорулуунун бети тамылжып, кызарат, шишик тартат, көздөрү кызарат, мас болгон кишиче темселеп баса албай, жөөлүйт. Тили кургап, туурулуп, кеберсип, оозго батпай чыгып турат, оорулуу булдуруктап сүйлөй албайт. Оорунун бубондук (тери) түрүндө (микроб кирген жерге жакын бездер чочуйт) колтук, моюн, чурай бездери чоңоюп, кызарып ириңдейт, сыздап катуу ооруйт. Өпкө кара тумоосунда аларга көкүрөктүн оорушу, жөтөл, кан түкүрүү кошулат. Кээде кан, ириң аралаш какырат. Бул оору эң оор өтүп, көбүнчө өлүмгө дуушар кылат. Кара тумоонун бубондук түрлөрү, эгерде алар өпкө же сепсис формасына өтпөсө, жалпысынан жеңилирээк өтүп, азыркы убакта дарылап айыктырууга болот.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан