Феликс Кулов: "Ар-намыс" фракциясынын көпчүлүк коалициянын курамынан чыгышы фракциядагы депутаттар толук чогулганда чечилет"

"Ар-намыс" фракциясынын парламенттик көпчүлүк коалициянын курамынан чыгышы же чыкпашы фракциядагы депутаттар толук чогулганда каралат". Мындай пикирди бүгүн аталган фракциянын лидери Феликс Кулов билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн Феликс Кулов шайлоонун таза өтпөгөнүн айтып Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын төрагалык кызматынан кетерин жарыялады. Ошондой эле аталган партиянын бир катар депутаттары "Ар-намыс" фракциясын көпчүлүк коалициянын курамынан чыгаруу сунушун айтып чыгышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан