Учурда Японияда аба ырайы жылуу болууда. Мындан улам сакура мөөнөтүнөн мурда гүлдөдү. Ал эми Япониянын тургундары коронавирустан улам киргизилген карантинге карабастан, аны көрүү үчүн сейил бактарга келип, сүрөткө түшүп жатышат. Көпчүлүгү бет кап тагынып жүргөнү менен адамдардын ортосундагы аралык сакталбай жаткандыгын көрүүгө болот.
Жыл сайын Японияда сакуранын гүлдөшүн жергиликтүү тургундар эле эмес, чет элдик туристтер да көрүүгө байма-бай келип турушкандыгы маалым.