28-августта республика боюнча жамгырдын жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетет. Өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +30...+35°C, түнкүсүн +14...+19°C
Талас облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +9...+14°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +30...+35°C, түнкүсүн +15...+20°C
Баткен облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +8...+13°C
Нарын облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +3...+8°C
Бишкек шаарында күндүз +32...+34°C, түнкүсүн +17...+19°C
Борбор калаада жамгыр жаабайт.