ИИМ: "УКМКнын СИЗОсунда асынып өлгөн жаран ИИМдин кызматкери эмес"

Баңгизат менен кармалып, УКМКнын СИЗОсунда асынып өлгөн жаран ИИМдин кызматкери эмес экендигин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган С.Айдарбеков 2013-жылдын жаз айларында кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган жана ал арыз канааттандырылган. “Ал ИИМдин мурунку кызматкери болгон. Баңгизаты менен кармалганда министрликте кызматкер катары иштечү эмес”,- деп жазылган билдирүүдө.

Айта кетсек, 23-август күнү эртең менен текшерүү учурунда СИЗОнун көзөмөлдөөчүсү С.Айдарбековдун жансыз денесин тапкан. Ал ушул жылдын апрель айында 16 килограмм героинди сатуу учурунда колго түшкөн. 27-апрель күнү Свердлов райондук сотунун токтому менен ага карата УКМКнын СИЗОсунда камоо түрүндө чектөө чарасы кабыл алынган. Айдарбеков убактылуу камоочу жайда камалып жаткан маалда анын психикалык жактан жабыркагандыгы, эмоционалдык жактан туруксуз болуп, бир нерсеге бат жиндене бергени байкалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан