Ысык-Көлдө дагы бир адам кара тумоо жуктуруп алды деп шектелүүдө

Ысык-Көлдө кара тумоодон көз жумган бала менен байланышта болгон бир адамдын учурда дене табы кескин көтөрүлүп, дарыгерлердин шаштысын кетирүүдө. Бул аталган оорунун белгилеринин бири. Дарыгерлер бул адам илдетти каза болгон баладан жуктуруп алышы мүмкүн деп болжолдоодо. Ооруп жаткан жарандан тиешелүү анализдер алынып, учурда адистер изилдеп жатышат. Айтылгандай, кара тумоодон көз жумган бала менен байланышта болгондордун бир тобунун дене табы көтөрүлүп баштаптыр. Айта кетсек, 22-августта аталган илдеттен 15 жаштагы бала каза тапкан. Аймакта карантиндик режим жарыяланып, оорунун алдын алуу боюнча тийишттүү адистер иш жүргүзүүдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан