27-августта президент Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишип, кыргыздын намысын коргогон мыкты спортчуларды кабыл алды. Жолугушууга Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадада күмүш медаль уткан Самат Надырбек уулу, Сеулда өткөн спорттук бий боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңип алышкан Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей катышты. Мамлекет башчы спортчуларды эл аралык мелдештердеги ийгиликтери менен куттуктады жана аларга ийгиликтүү спорттук жетишкендиктерди каалады.
“Жеңиш үчүн силерге рахмат, биз силер менен сыймыктанабыз. Жеңишиңер Кыргызстанга керек. Силерди көрүп, жаштарыбыз өсөт. Мамлекет мыкты спортчуларды колдоп, көмөк көрсөтөт”, - деди өлкө башчы.
Президент спортчуларга бир жолку акчалай сыйлыктарды жана эстелик белектерин тапшырды.