Германиянын канцлери Ангела Меркелдин учагында баңги “концерт коюп”, канцлердин керебетинде уктоого үлгүрдү

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин учагына байланышкан ойго келбес окуя болду. 25-июлда учакка баңгизат колдонуп алган эркек кирип кетип, аны 4 сааттан кийин полиция сүйрөп чыкты. Аэропорттун өткөрүү пунктунан ал аскер адамы болорун, документтери ичкериде калып калганын айтып өтүп кетиптир. Ичкериге кирген Волкан чечинип, ич кийимчен болуп учактын канатына чыгып алып бийлегенин, андан кийин кошумча люк аркылуу бортко киргенин чет элдик ММКлар жарыялашты. Учкучтардын кабинасына кирген баңги бардык баскычтарды четинен басып айрым жабдууларды ишке киргизүүгө жетишти. Ал учакка 100 миң евролук зыян келтириптир. Полициянын билдиришинче, учактын күйүүчү майы толо болгон, эгер баңги учакты башкарууну билгенде Пекинге чейин учуп бара алмак. Баңги Ангела Меркелдин керебетинде уктоого да жетишти, кокустан кабарландыруучу (сигнализация) баскычты басып алып, полиция кызматкерлери жетип келишти. Айта кетсек, Airbus-319 учагын Меркель эл аралык иш сапарларга чыкканда колдонот. Бортто 2 жумшак кресло, эс алуучу бөлмө, расмий делегациянын өкүлдөрү үчүн 32 кресло жана жыйын залы бар. Бул окуя учурунда Меркель Бавария шаарындагы музыкалык фестивалдардын биринде болчу.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан