Казакстанда жаш курагы 65тен ашкан депутаттарга парламенттин жыйынына катышпоого уруксат берилди

Казакстанда жаш курагы 65тен ашкан депутаттарга парламенттин жыйынына катышпоого уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Мажлистин төрагасы Нурлан Нигматулин саламаттыкты сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун сунушу менен жаш курагы 65тен ашкан депутаттар мыйзам долбоорлорун талкуулаганга келбей, үйүндө калса болорун айтты. Спикер мындай учурда кворум жетиштүү боло турганын билдирди.

Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 26-март саат 13:00гө карата 97ге жетти.

Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинде жаш курагы 65 жаштан жогору болгон 4 депутат бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан