Легендарлуу америкалык мушкер, бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн экс-чемпиону Майк Тайсон өзүнүн карьерасындагы эң ыңгайсыз атаандашын айтты. Бул тууралуу ал америкалык "Ibtimes" басылмасына берген маегинде билдирген.
"Менин карьерамдагы эң ыңгайсыз атаандашым Хосе Рибальта болду. Мен бул мушкер менен болгон беттеште күчтүү, таамай соккуларды узатып жаттым. Ал менин соккуларымды кабыл алып, кайра эч нерсе болбогондой беттешти уланта берчү. Ал менин маңдайымда абдан күчтүү болуп турчу", - деп билдирген легендарлуу мушкер.
Маалыматка ылайык, Тайсон-Рибальта беттеши 1986-жылы 17-августта АКШнын Нью-Жерси штатынын Атлантик Сити шаарында өткөн. Бул беттеш 10 раундга созулуп, Майк Тайсон 10-раундда техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.