ЖЫЛНААМА, 27-МАРТ: 54 жыл мурун футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жоголуп кеткен Кубогун ээси менен сейилдеп жүргөн ит таап алган

27-март дүйнөлүк футболдун тарыхы кызыктуу күн менен эсте калган.

Мындан 54 жыл мурун, 1966-жылы 20-мартта Англиянын Лондон шаарындагы Вестминстер-Холл сарайында Дүйнө чемпиондугунун финалына үч ай калганда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун Кубогун уурдап кетишкен. Полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп таба алышкан эмес.

27-март күнү англиялык Дэвид Корбетт аттуу жаран өзүнүн Пиклз аттуу ити менен Лондон шаарынын түштүгүндөгү Норвуд районунда сейилдеп жүргөн убакта ити Пиклз бадалдын түбүндөгү газетага оролгон Кубокту таап алган. Дэвид Корбетт бул тууралуу дароо полицияга кабарлаган.

Бул Дүйнө чемпиондугун Англия курамасы жеңип алып, Дэвид Корбетт ити Пиклз менен чогуу майрамдык кечеге чакырылып 5 миң фунт стерлинг (6 миң доллар) менен сыйланган. Кубокту таап алгандар заматта таанымал болуп чыга келишет.

1967-жылы Пиклз ээсинин 6 жаштагы баласы менен сейилдөө учурунда, мышыкты кубалап кетип, көп өтпөй үйүнөн алыс эмес жердеги бакка чынжыры менен асылган абалда табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
assanov97
2020-03-27 20:12:06
Тушунбодум шондо кубок качан табылды
+6
Азат Бейшенбеков
2020-03-27 20:16:08
assanov97, Саламатсызбы? Кубок мындан 54 жыл мурун ушул күнү, тагыраагы 27-мартта табылган
-3
nurbek11
2020-03-27 23:38:46
Кубокту таап алган иттин козун тазалашыптыр да корочи.
+2
Aikaaaa
2020-03-28 00:20:55
Мен да эми таап алган экен деп окуп атсам, аягы түшүнүксүз болуп кетти, анан кайра өзүм тууралап туруп, түшүнүп окуп койдум. Көрсө, 66-жылы жоголгон кубокту 7 күндөн кийин ит таап алыптыр, кийинки жылы 67-жылы итти өлтүрүшүптүр
+2
Baku88
2020-03-28 12:00:07
54 жыл мурун тагыраагы 1966 жылы кубок жоголгон Ит менин тушунугум боюнча 2020 жылдын 27 - мартында таап алып сыйланып анан кайра 67 - жылы мышыкты кууп кетип асынган абалда табылган ошондо ит бир кунго тирилип келип таап берип кеткенби шумдугун кургур
-3
pumba.timon
2020-03-29 02:07:29
Автор Азат Болотбеков,сиз жаңылыкты орус же чет элдик контенттен которууда сөздөрдү тикелей мааниси эмес,кыйыр мааниси менен жана албетте, түзмө-түз эмес түшүнүгүнө карап которуп,анан бир канча ирет редакциялап туруп,сайтка жайгаштыруунузду өтүнөм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан