Кения: Эки мырза бир айымга үйлөнмөй болду

Кенияда эки мырза бир аялга үйлөнүү боюнча келишимге кол коюшту. Айым болсо 4 жылдан бери эки мырза менен тең сүйлөшүп, экөөсүн бирдей жактырып калыптыр. Келишимде Силвестер Муендуа менен Элиях Кимани жубайынын үйүндө канча убакыттан болору жана төрөлгөн балага экөө тең кол кабыш кылары жазылуу. Муендуа аялын жакшы көрөрүн, келишим түзүү ортодогу чекти аныктоого жана үйдөгү тынчтыкты сактоого керектигин билдирди. “Аялым кимибиз менен жүрүүнү өзү тандайт”,- дейт ал. Бул көрүнүшкө кениялыктардын көпчүлүгү сын айтышып, мындай жосун алардын маданиятына туура келбей турганын билдирип жатышканын чет элдик ММКлар жарыялашты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан