22 жаштагы Нидерланды улуттук курамасынын жана аталган өлкөнүн "Аякс" футболдук клубунун жарым коргоочусу Абдельхак Нури үч жыл комада жаткандан кийин эсине келди. Бул тууралуу футболчунун бир тууганы жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Ал көп убакыт ооруканада комада жатып, эми өзүнүн тааныш чөйрөсүнө кайтып келди. Абдельхак азыр кадимки адамдардай эле тамак жеп, уктап калды. Бирок бир ордунан жылбай жатат. Ал эмнени жакшы көрүп жатканын байкайбыз жана Абдельхак көп учурда эмоцияларын билдирип, жылмайып турат. Бул абдан сонун, ал бизге чыныгы жылмаюуну тартуулап жатат", - деп билдирген агасы.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы 8-июлда германиялык "Вердер" командасы менен болгон жолдоштук беттеште Абдельхак оюн учурунда эс-учун жоготкон. Ооруканага алып барганда дарыгерлер анын мээсинин тамырларынан катуу доо кеткенин, бул ооруну даарылоо мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенин айтышкан.