"Барселона" футболдук клубунун жарым коргоочусу Френки де Йонг: "Үч жылдан кийин эсине келген Нури менин "Барселонага" өткөнүмдү угуп жылмайды"

Нидерланды курамасынын жана Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун жарым коргоочусу, профессионал футболчу Френки де Йонг үч жыл комада жатып, ойгонгон өзүнүн мурунку командалашы Абдельхак Нури анын "Барселона" клубуна өткөнүн угуп жылмайгандыгын жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Мен анын жанында отурсам, апасы сырттан келип "Аппи, Френки кайсы клубда ойногону жакшы? Барселонадабы?" деп сураганда Абдельхак "Барселонага" өткөнүмдү түшүнүп, мени карап жылмайды. Бул мен үчүн өзгөчө учур болду", - деп билдирген футболчу.

Буга чейин, "Аякс" футболдук клубунун оюнчус Абдельхак Нури үч жыл комада жатып эсине келгендиги кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан