Бүгүн, 28-мартта Япониянын түндүгүндө күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жер титирөөнүн очогу Тынч океанындагы Хонсю жана Хоккайдо деген аралдардын ортосунда 60 чакырым тереңдикте болгону айтылат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан каза тапкандар жана жабыркагандар жок.