UFC 251 турниринин алкагында Австралияда өтө турган Шевченко-Калдервуд беттешине кантип даярданып жатышкандыгын Жоан Калдервуддун машыктыруучусу жана күйөөсү Жон Вуд америкалык MMA Junkie басылмасына берген маегинде билдирген.
"Менин оюмча, азыркы кырдаалга байланыштуу бул беттешти бир же эки айга жылдырат. Даярдык тууралуу айта турган болсом, мен анын машыктыруучусу жана күйөөсүмүн. Экөөбүз дайыма чогуу болгондуктан, машыгуубузга жакшы болуп жатат. Биз өзүбүздүн үйүбүзгө машыгуучу зал жасап алганбыз. Эгер биздин азыркы машыгып жаткан залды карантинге жаап салса, үйдөн деле машыга беребиз. Биздин үйдөгү залда баары бар.
Албетте, Валентина дүйнө жүзүндөгү мыкты мушкерлердин бири. Бирок Жоан бул беттешти өткөрүүгө толук даяр. Бизге көбүнчөсү бул беттешти ута албайсыңар деп айтып жатышат. Мен эскертип коёюн, Жоан UFC`нин чемпионуна каршы чыкканы жатат", - деп билдирген Жон Вуд.
Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко менен шотландиялык Жоан Калдервуддун беттеши UFC 251 турниринин алкагында 6-июнь күнү Австралиянын Перт шаарында өтөт.