Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат, бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалган. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кошумча жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатат. Алар ун менен камсыздалышат.
"Борбордо жана жер-жерлерде ар бир муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат. Ишкерлер, ыктыярчы уюмдар четте калбаганы кубандырат, алар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына активдүү жардам беришүүдө. Кыргыз Республикасынын өкмөтү аларга жигердүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирет.
Муну менен катар аймактардагы жетекчилерге бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кайрымдуулук уюмдардын, жарандык кошуундардын социалдык багыттагы демилгелерин жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам берүү, ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу жана аны муктаж жарандарга таратуу үчүн туруктуу иштей турган аянтчаларды уюштуруу тапшырмасы берилди", - деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Мындан тышкары жардам иретинде муктаж адамдарга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан да ун, май бериле турганы белгилүү болду. Маалыматты министр Улукбек Кочкоров жарыялады. Анын билдирүүсүнө ылайык, аз камсыз болгон ар бир үй-бүлө 3 кап ун, 15 литр май менен камсыздалат. Кийинчерээк мына ушундай эле жол менен дагы 30 миң кап ун жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилет.
"Биздин министрлик БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргелешип, жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылып келе жаткан долбоор менен макулдашкан. Ал долбоордогу 1-программа - аймактарда коомдук пайдалуу иштерди жасоо. Экинчиси, жакыр үй-бүлөлөрдү өздөрүнө керектүү кесипке окутуу. Бул эки долбоорго катышкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздап келгенбиз.
Учурдагы кырдаалды эске алып, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биздеги жетекчиси Андреа Баньоли менен жолугушуп, жогорудагы үй-бүлөлөргө тез арада миң тонна (20 000 кап) ун, 100 тонна суу май жеткирип берүүнү макулдаштык", - деп жазган министр.