Филиппинде медициналык учак бейтап жана медицина кызматкерлери менен кошо күйүп кетти

Филиппиндин борбору Маниладагы аэропортто санитардык учак учарда күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Санитардык учакта 8 адам, 3 экипаж мүчөсү, бортмеханик, дарыгер, медайым, бейтап жана анын тууганы болгон. Кырсыктан баары көз жумган. Учак Токиого барары жана бейтап Канаданын, анын тууганы АКШнын жараны болгондугу айтылууда.

Маалыматка ылайык, учак "Lion Air" авиакомпаниясына тиешелүү болгон жана Филиппиндин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан камсыздалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2020-03-30 10:42:40
Ооо жараткан озун сактай кор. Куйуп кетти олтуруп кетти камака алынды , бычактап кетти союп кетти, ээ койгулачы . Негатив жаман жанылыктарга толуп кеттиго . Ден соолукка зыян келтирбеген жанылык болобу деги. Баш да ооруп чыкты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан