Аламүдүн районундагы Пригородное айылында эки жыл мурун өз үйүнүн короосуна көмүлгөн бир адамдын дене мүчөлөрү табылды. Аны аялы менен өгөй баласы бычактап өлтүрүп, жерге көмүп салышыптыр. ИИМдин билдиришинче, маркум Жалал-Абад облусунун 1977-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектелип Ош облусунун 38 жаштагы К.П., Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы К.Т. жана Бишкек шаарынын 18 жаштагы К.А. аттуу тургундары кармалышты. Факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.