Атактуу америкалык баскетболчу Коби Брайанттын акыркы оюнунда колдонгон сүлгүсү 33 миң долларга сатылды. Бул тууралуу канадалык "theScore" басылмасы жазып чыкты.
Сүлгүнү сатып алган адам Коби Брайант ойногон америкалык "Лейкерс" баскетбол клубунун күйөрманы. Ал келечекте "Лейкерс" клубунун музейин ачууну көздөйт.
Маалыматка ылайык, дүйнөлүк баскетбол жылдызы Коби Брайант кызы менен чогуу ушул жылдын 26-январь күнү тик учак кырсыгынан каза болгон.