"Ак шумкарлардын" жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт бүгүн, 30-мартта 34 жашка толду.
Эдгар Андреевич Бернхардт 1986-жылы 30-мартта Сокулук районунун Новопавловка айылында немис үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бала кезинде ата-энеси менен чогуу Германияга көчүп кетишкен.
Эдгар Бернхардт 2015-жылдан бери Улуттук кураманын катарында ойноп келет. Ал Германия, Польша, Финляндиянын ар кайсы лигадагы клубдарында да ойногон.
Эдгар Бернхардт былтыр, 10-октябрда Бишкекте өткөн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуудагы Мьянма курамасына каршы оюнда 3 гол киргизип, беттештин мыкты футболчусу аталган. Бул көрсөткүчү менен Бернхардт Кыргыз улуттук курамасынын тарыхындагы хет-трик жасаган экинчи футболчу болуп калды.
30-мартка карата жылнаама.