"Муфтий ажылык сапарга орундарды 5 миң доллардан сатып жатат" дейт айрым дин чөйрөсүндөгүлөр

"Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев быйылкы ажылык сапарга бөлүнгөн квоталарды өзүнүн адамдары аркылуу сатып жатат",- деп билдирди 28-августта маалымат жыйын берген Орто Азия жана Кыргызстан мусулмандар конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов. Айтымында, квоталар 4,5-5 миң доллардан сатылууда. "Менин билдирүүлөрүм боюнча укук коргоо органдары чара көрбөй жатат. Муфтий Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаевдин жакыны Жумалы Олжонов менен бирге экинчи банктык эсеп ачып койгон. Ал эсепке ажылыкка барууну каалаган 300 адамдын акчасы түштү, бирок 500 миң доллардын дайыны жок",- дейт Нурдинов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан