Буга чейин ырчы Нурлан Насип үйдө карантинде отурганда баш сергитип, чач алдыралы деп кесиптештерине "таз баш" челленжин эстафета катары узатканы тууралуу жазылган.
Бул ирет SUPER.KG порталы ырчы мырзанын челленжин уланткан шоу өкүлдөрүнө токтолмокчу. Нурландын эстафетасын ырчы Данияр Эрматов кабыл алып, "Нурлан досум мага эстафета узатты эле, албай коюшка бетим чыдаган жок" деп, чачын алдырган.
Аны улай актёр, вайнер Эмил Эсеналиев да чачын алдырган. Ал "Нурландай жигиттин эстафетасын албай коюштан уялдым, кой дедим. Мен да бүгүн чачымды таз кылып алдырдым. Менин башым ушундай экен, ар кайсы жерге бомба түшкөндөй", - деп түшүндүрмө берген.
Ошондой эле ырчы Омар Нурландын эстафетасын четке какпай, такыр баш болбосо да, ушундай жеңил кылып чачын алдыртып, сергитип калганын айткан.
Алпаруучу Максат Довранов узаткан эстафетаны ырчы Ильяс Кудретов да колдоп, 20 жылдан бери чыгына албай жүргөн "чач жасалгасын" жасатканын айткан.
Ал эми эстафета узатылган ырчылар Мирбек Атабеков, Алмаз Шаадаев, Аваз Акимов, Нурмат Садыров челленжди улантышкан жок.