Мурунку Жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо министрине кылмыш иши козголду
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мурунку Жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин жетекчисине жана бир канча кызматкерлерине "Көк-Жаңгак" таш көмүр кенине лицензия берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Аларга 304-берене (кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салык, бажы жана лицензия ишмердигин мыйзамсыз түрдө кызмат абалынан колдонуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.